Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×
ЧЕНЕМДЕР «Авиcенна» Эл аралык медициналык университетинин Окуу-усулдук бөлүмү (ОУБ) жөнүндө 

1.1. Окуу-усулдук бөлүм «Авиcенна» Эл аралык медициналык университетинин (мындан ары ММУ «Авиcенна») структуралык бөлүгү болуп эсептелет, окуу процессин жана окуу-усулдук ишти координациялайт, ректорго жана проректорлорго түздөн-түз баш иет.

1.2. ОУБду начальник жетектейт.

Бөлүмдүн курамы жана структурасы окуу процессинин муктаждыктарына жана жогорку кесиптик билим берүү системасын модернизациялоого ылайык, штаттык расписание боюнча түзүлөт.

1.3. ОУБ начальнигинин жок мезгилинде анын милдеттерин ОУБдун башкы адиси аткарат.

1.4. ОУБ кызматкерлери ММУ «Авиcенна» ректорунун буйругу менен, начальнигинин сунушу боюнча дайындалат жана бошотулат.

1.5. ОУБдун негизги багыттары:

  • Билим берүү программаларынын усулдук камсыздоосун пландаштыруу жана ишке ашыруу;
  • Окуу процессин уюштуруу;
  • Факультеттердин академиялык топтору үчүн сабактардын расписаниесин түзүү жана бөлүштүрүү;
  • Окуу процесси үчүн техникалык коштоо.

1.6.   ОУБ өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик документтерине, саламаттык сактоо жана билим берүү системасын реформалоо боюнча улуттук программаларга, ММУ «Авиcенна» нормативдик документтерине, ректордун буйруктары жана көрсөтмөлөрүнө, Окумуштуулар кеңешинин чечимдерине, ММУ «Авиcенна» этикалык кодексине жана ушул Ченемдерге баш иет.

1.7. ОУБ өз ишин жогорку кесиптик билим берүүнүн принциптерин изилдөө менен жүргүзөт жана ар кандай билим алуу баскычтары боюнча негизги билим берүү кесиптик программаларын ишке ашыруунун сапатын жогорулатууну көздөйт.

2. ОКУУ-УСУЛДУК БӨЛҮМДҮН МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Мамлекеттик лицензия боюнча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ылайык негизги жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ММУ «Авиcенна» окуу-усулдук ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу.

2.2. Билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензиялык жана аккредитациялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө.

2.3. Республикада жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга катышуу.

2.4. ММУ «Авиcенна» билим берүү процессин пландаштыруу жана ишке ашыруу, окуу пландарын иштеп чыгуу.

2.5. Билим берүү кесиптик программаларын багыттар жана адистиктер боюнча ишке ашыруу боюнча факультеттердин жана кафедралардын илимий-усулдук жана уюштуруучулук ишине жетекчилик кылуу.

2.6. Окуу процессин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, эл аралык талаптарга ылайык жаңы мамлекеттик стандарттарды киргизүү ММУ «Авиcенна» бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо.

  1. БАШКА СТРУКТУРАЛЫК БӨЛҮМДӨР МЕНЕН ӨЗАРА АРАКЕТТЕНҮҮ ЖАНА ОКУУ-УСУЛДУК БӨЛҮМДҮН УКУКТАРЫ.

3.1. Окуу-усулдук бөлүм өз ишмердүүлүгүндө окууну координациялоочу кеңеш (ОКК), бардык адистиктер боюнча усулдук кеңештердин төрагалары, факультеттердин деканаттары, кафедралар, инспектордук бөлүм, кадрлар бөлүмү жана башка эл аралык медициналык университеттин бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.

3.2. ОУБ, ага жүктөлгөн милдеттерди билим берүүнүн сапаты боюнча башкаруу бөлүмү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарат.

3.3. Окуу-усулдук бөлүмдүн укуктары:

  • өз функцияларын аткарууга зарыл болгон маалыматты бардык структуралык жана кызмат бөлүмдөрдөн, аларга баш ийүүсүнө карабастан, алуу;
  • ММУ «Авиcенна» бардык окуу бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөө;
  • бардык окуу формалары боюнча негизги бөлүмдөр менен макулдашуу аркылуу окуу сабактарына, факультеттердин, кафедралардын илимий жана усулдук кеңештеринин жыйындарына катышуу.
  1. ЖООПКЕРЧИЛИК

Окуу-усулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин жоопкерчилиги ишмердүүлүгүн убагында жана сапаты жетишсиз аткарбагандыгы үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык аныкталат.