Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×

Медициналык пункт Эл аралык Медициналык Университет “Авиценна”нын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Мед пункт ден соолукту сактоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал негизги медициналык кызматтарды көрсөтөт, оорулардын алдын алуу, биринчи медициналык жардамды уюштуруу жана университеттин аймагында санитардык-гигиеналык иш чараларды өткөрөт.

Авиценна ЭМУнун медпунктунун негизги максаттары:

  • университеттин кызматкерлери жана студенттери үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапатын камсыз кылуу.
  • ооруларды өз учурунда аныктоо жана профилактикалык иш чараларды өткөрүү.

Авиценна ЭМУнун медпунктунун негизги милдеттери:

  • университетинин аймагында, анын иш-чараларында сапаттуу биринчи медициналык жардам жана шашылыш медициналык кызматтарды көрсөтүү;
  • жыл сайын ЦСМ-5те студенттердин медициналык кароолорун уюштуруу жана өткөрүү;
  • университеттин кызматкерлери жана студенттери арасында санитардык агартуу иштери;
  • медициналык документтерди жүргүзүү, оорулар жана жаракаттардын эсеби.

Медициналык пункттун функциясы:

  • биринчи медициналык жардам көрсөтүү (курч оорулар, жаракаттар, шашылыш абалдар, зарылчылык болсо тез жардам чакыруу кошултуу);
  • оорулардын алдын алуу (санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо);
  • санитардык агартуу иши;
  • ден соолук абалын баалоо;
  • медициналык камсыздоо, тез жардам комплекттеринин, анафилактикалык шоктун, авариялык абалдардын медициналык препараттар жана чыгым материалдарынын көзөмөлү;
  • башка медициналык мекемелер менен координация.

Медпункттун жабдуулары:

  • медициналык документтерди сактоо шкафы;
  • иштөө столу;
  • медициналык ширма;
  • аспап столу;
  • тонометр, фонендоскоп;
  • электрондук термометр;
  • медициналык кушетка;
  • дары каражаттарын сактоо үчүн медициналык шкаф;
  • аба тазалоочу лампа;
  • бактерициддик лампа;
  • бикс;
  • анафилактикалык шок үчүн аптечка;
  • авариялык абал үчүн аптечка;
  • шашылыш жардам үчүн аптечка;
  • чыгым материалдары.

ЭРЕЖЕ

МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ ТУУРАЛУУ

ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ «АВИЦЕННА»  

Бишкек 2025 ж.

  1. Жалпы жоболор
  1. Медициналык пункт Эл аралык Медициналык Университет «Авиценна» (ЭМУ «Авиценна»)нын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
  2.  Медициналык пункт өз ишинде нормативдик документтерге таянат:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына;

– Билим берүү мыйзамына;

– ЭМУ «Авиценна» Уставына;

– Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча нормативдик документтерге.

1.3. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүнө учурдагы контролду окуу-тарбия иштери боюнча проректор жүргүзөт.

1.4. Медициналык пункттун түзүмүн жана штаттык расписаниесин университтин ректору анын милдеттери менен ошондо иштеп жаткан мыйзамдарды эске алуу менен бекитет.

1.5. Медициналык пункт ага жүктөлгөн милдеттер жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон оргтехникалар, медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалат.

1.6. Медициналык пункт саламаттыкты сактоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал негизги медициналык кызматтарды көрсөтөт, оорулардын алдын алуу, биринчи медициналык жардамды уюштуруу жана Эл аралык Медициналык Университет «Авиценна» (мындан ары- ЭМУ «Авиценна») университетинин аймагында санитардык-гигиеналык иш чараларды өткөрөт. 

  1. Медициналык пункттун максаттары жана милдеттери

ЭмУ «Авиценна» медициналык пунктунун негизги максаттары:

  1. ЭМУ «Авиценна» кызматкерлери жана студенттери үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапатын камсыз кылуу.
  2. Ооруларды өз учурунда аныктоо жана профилактикалык иш чараларды өткөрүү.
  3. Жаракат алууларда, капысынан болгон ооруларда жана шашылыш абалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
  4. ЭМУ «Авиценна» кызматкерлеринин жана студенттеринин ден соолук абалын көзөмөлдөөнү уюштуруу, жумуштук оорулардын алдын алуу.
  5. Санитардык нормаларды жана иш шарттарын сактоо контролу.
  6. Ден соолук жана ооруларды алдын алуу боюнча консультациялар.

Авиценна ЭМУнун медициналык пунктунун негизги милдеттери:

  1. Авиценна ЭМУ кызмат кылган аймакта (университеттин корпустарында, жатаканаларда, ар түрдүү иш чараларда) сапаттуу биринчи медициналык жардам жана шашылыш медициналык кызматтарды көрсөтүү (бар болгон дары-дармек тизмесине ылайык).
  2. Учурдагы медициналык кароолорду жүзеге ашыруу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана нормативдик документтерге ылайык студенттердин медициналык кароолорун уюштуруу жана өткөрүү.
  3. ЭМУ «Авиценна» кызматкерлери жана студенттери арасында санитардык агартуу иштерин жүргүзүү.
  4. Авиценна ЭМУнун аймагында санитардык-гигиеналык нормаларды жана стандарттарды сактоо контролу.
  5. Медициналык документтерди жүргүзүү, оорулар жана жаракаттардын эсеби.
  6. Медикаменттерди камсыздоо жана медициналык каражаттарды колдонуу контролу.
  7. Медициналык пункттун түзүмү

Медициналык пункт ЭМУ «Авиценна»нын өз алдынча бөлүмү катары уюштурулган жана төмөнкү категориялардан турат:

  1. медпункттун врачы; 
  2. медициналык эже.

Медициналык пункттун врачы тар чөйрөлөгө адистешкен болушу мүмкүн же билим берүү мекемесинин керектөөлөрүнө жараша жалпы медициналык квалификацияга ээ болушу мүмкүн.

Өз ишинде медициналык пункт кафедралар, факультеттер, колледждер, кадрдар бөлүмү ЭМУ «Авиценна», ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү тышкы уюмдар менен кызматташат.

  1. Медициналык пункттун функциялары
    1. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү: жаракаттарда, курч ооруларда жана шашылыш абалдарда тез медициналык жардам көрсөтүү, зарыл болсо тез жардам чакыруу.
    2. Оорулардын алдын алуу: профилактикалык кароолорду уюштуруу, вакцинация жасоо, диспансеризация өткөрүү, санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо контролу.
    3. Санитардык агартуу иштери: ден соолук, тамактануу, гигиена жана оорулардын алдын алуу боюнча кызматкерлердин же студенттердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган билим берүү иш чараларын өткөрүү.
    4. Ден соолук абалын баалоо: кызматчылар же студенттердин ден соолук абалын алуу, медициналык карталарды жүргүзүү жана оорулардын эсебин жүргүзүү.
    5. Медициналык камсыздоо контролу: медикаменттер, медициналык жабдуулар, чыгым материалдары жана санитардык каражаттардын запас башкаруу.
    6. Документирлөө жана эсеп жүргүзүү: медициналык документтери жүргүзүү, оорулар, жаракаттар, көрсөтүлгөн жардам боюнча отчеттор жүргүзүү, ошондой эле статистикалык анализ жүргүзүү.
    7. Башка медициналык мекемелер менен координациялоо: оорулуулардын медицина борборлоруна же стационардык байкоо алууда адистештирилген дарылоого же диагностикалоого багыттоо үчүн ооруканалар, поликлиникалар, медициналык борборлор жана башка саламаттыкты сактоо уюмдар менен өз ара мамиле.
    8. Профессионалдык оорулардын баалоосун жана андан алыс болуу: профессионалдык иш менен байланышкан ооруларды алдын алуу боюнча профилактикалык кароолор жана иш чараларды өткөрүү (мисалы, жумуш шарттарынан пайда болгон оорулар).
  2. Медициналык пункттун талаптары
    1. Медициналык пункт биринчи жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык медициналык жабдуулар, медикаменттер жана санитардык ишкерлер үчүн каражаттар менен жабдылышы керек.
    2. Медициналык пункттун жайлары санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык келүүгө, бейтаптар жана кызматчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга тийиш.
    3. Медициналык пунктта иштеш үчүн сертификаттуу медициналык персоналдын бар болуусу зарыл, алар аттестациядан өтүш жана мыйзамдар тарапындагы талаптар жана нормаларга ылайык келиши керек.
  3. Медициналык пункттун кызматчыларынын укуктары жана милдеттери
    1. ЭМУ «Авиценна» кызматчыларынын же студенттеринин ден соолукка байланыштуу зарыл болгон медициналык маалымат жана көнүл борборууларына жетүү укугу.
    2. Кооптуу болсо адистештирилген медициналык жардамды тартуу укугу.
    3. Медициналык кароолор, вакцинация, консультациялар жана башка алдын алуучу иш чараларды өткөрүү укугу.

Медициналык пункттун кызматчыларынын милдеттери:

  1. Зарыл болсо квалификациялуу биринчи жардам көрсөтүү.
  2. Алдын алуу иш чараларды өз учурунда уюштуруу.
  3. Саламаттыгке сактоо, санитария жана гигиена чөйрөсүнүн бардык нормаларын жана стандарттарын сактоо.
  4. Зарыл медициналык документтерди, отчеттуулукту жана эсепти жүргүзүү.
  5. Пациенттердин медициналык маалымат ушул келген карым-катнаштагы конфиденциалдуулукту сактоо.
  6. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүнө контролдоо

Медициналык пункт билим алуучуларга медико-санитардык тейлөө боюнча жылдык пландын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Медициналык пункттун иш убактысы университеттин жетекчилиги менен макулдашылып белгиленет.

Медициналык пункттун ишмердүүлүгү ички же тышкы уюмдардын туруктуу текшерүүлөрү аркылуу контролдонот. Медициналык документтердин аудиттери жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгү боюнча текшерүүлөр да өткөрүлүшү мүмкүн. Кызматчылар жана студенттер үчүн мезгилдүү медициналык кароолор өткөрүлөт, санитардык абалга контроллоо жүргүзүлөт.

  1. Материалдык-техникалык камсыздоо

Медициналык пункт биринчи жардам көрсөтүү жана алдын алуу иш чараларын өткөрүү үчүн медициналык инструменттер, жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз болууга тийиш. Бардык медициналык препараттар жана чыгым материалдары сертификатталууга жана тийиштүү шарттарда сакталууга тийиш.

  1. Жоопкерчилик

Медициналык пункттун жоопкерчилигинде ЭМУ «Авиценна» кызматчыларынын жана студенттеринин ден соолук коопсуздугун камсыздоо. Бул өз убагында жардам көрсөтүүнү, ооруларды алдын алууну, так документтерди жүргүзүүнү жана бардык юридикалык жана медициналык стандарттарды сактоону камтыйт. Медициналык пункттун кызматчылары көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана медицина жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн жоопкерчилик алат.