Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×

Урматтуу абитуриенттер!

Эл аралык медициналык университет «Авиценна» медициналык кадрларды даярдоо чөйрөсүндө жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик окуу жай болуп эсептелет. ЭМУ «Авиценна» 2017-жылы негизделген жана бүгүнкү күнгө чейин 5 бүтүрүүсү бар. Учурда ЭМУ «Авиценнада» 900дөн ашык студент алыскы чет мамлекеттерден: Пакистан, Индия, Бангладеш, Египет ж.б. билим алышууда.

Бүгүнкү күндө ЭМУ «Авиценнада» жогорку квалификациядагы мугалимдер, илим докторлору жана кандидаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгерлери, билим берүү жана илим көрүнүктүү кызматкерлери иштейт.

ЭМУ «Авиценнада» орто кесиптик, жогорку жана аспирантура даярдыгы ишке ашат. Окуу клиникаларда, окуу борборлорунда жана замандын шарттарына ылайык медициналык техника менен камсыздалган университет аудиторияларында жүргүзүлөт.

ЭМУ «Авиценна» Кыргыз Республикасынын алдыңкы университеттеринин бири!

Медициналык университетте жогорку билим алуу дайыма кадыр-барктуу иш болуп эсептелет.

ЭМУ «Авиценна» Улуттук институционалдык (Учурдагы VI210000024 күбөлүк, 17.06.2021) жана Улуттук программалык (Учурдагы ВУ220000023 күбөлүк, 28.02.2022) аккредитациядан өткөн, ошондой эле Эл аралык Институционалдык (Сертификат №VM230000038) жана Эл аралык Программалык (Сертификат №VA230000050) аккредитациядан өткөн.

Специалитетке документтер:

– Орто билим тууралуу документ (аттестат);

– ОРТ сертификаты (ОРТ боюнча босого балл – 110 балл; биология – 60 балл; химия – 60 балл);

– Паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– Сүрөт өлчөмү 3х4 – 6 даана;

– Сүрөт өлчөмү 5х6 – 2 даана;

– Медициналык маалымкат (форма 086 – У);

Клиникалык ординатурага, базалык аспирантурага (PhD) документтер:

– Жогорку медициналык билим тууралуу документ (диплом);

– Паспорттун көчүрмөсү;

– Сүрөт өлчөмү 3х4 – 6 даана;

– Сүрөт өлчөмү 5х6 – 2 даана;

– Медициналык маалымкат (форма 086 – У).

Колледжге документтер:

– Орто билим тууралуу документ (аттестат), ОРТ талап кылынбайт;

– Паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– Сүрөт өлчөмү 3х4 – 6 даана;

– Сүрөт өлчөмү 5х6 – 2 даана;

– Медициналык маалымкат (форма 086 – У);

– Катталуу күбөлөгү (жаштар үчүн).

Биздин дарек:

Бишкек ш., Шабдан баатыра, 74.

Телефон: +996 (509) 220990

E-mail: avicennaedu@yahoo.com 

Вебсайт: www.avicenna.edu.kg

Социалдык тармактар:

https://www.facebook.com/avicenna.official.kg

            – https://twitter.com/AvicennaImu

https://www.instagram.com/avicennainternati-onalofficial