Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×
Назад к списку

Билим берүү тармагындагы заманбап маалыматтык технологиялар институту менен «Авиценна» Эл аралык медициналык университетинин медициналык колледждеринин ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында бир айлык мөөнөткө академиялык мобилдүүлүк программасы ишке ашырылууда.

Программа бекитилген планга ылайык өнөктөш колледждердин окутуучулары тарабынан окуу сабактарын өткөрүүнү карайт. Атап айтканда, Билим берүү тармагындагы заманбап маалыматтык технологиялар институтунун медициналык колледжинин «Адам анатомиясы жана физиологиясы» сабагынын окутуучусу «Авиценна» Эл аралык медициналык университетинин медициналык колледжинин 1-курс студенттерине агымдык лекцияларды өткөрүүдө.

Өз кезегинде «Авиценна» Эл аралык медициналык университетинин медициналык колледжинин окутуучусу Билим берүү тармагындагы заманбап маалыматтык технологиялар институтунун колледжинин студенттерине окуу сабактарын жүргүзүүдө. Педагогикалык тажрыйба алмашуунун алкагында иш-чараларга профильдик дисциплиналардын окутуучулары, ошондой эле колледждердин администрация өкүлдөрү катышууда.

Программаны ишке ашыруу заманбап билим берүү ыкмаларын алмашууга, окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө жана келечектеги медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бир айдын ичинде академиялык мобилдүүлүк иш-чараларына профильдик дисциплиналардын башка окутуучулары да тартылат.

Другие новости “Авиценна”
Куратордук иш
27.04.2026
«Авиценна» университет эл аралык медициналык олимпиада жана «Мед-Экспо – 2026» иш-чарасын өткөрдү.
23.04.2026
Авиценна медициналык университетинин жаңы окуу имаратынын ачылышы
17.04.2026
Пироговдун интерактивдүү анатомия столунун түзүлүшү
10.02.2026