Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×

“Авиценна” эл аралык медициналык университетинин Медициналык колледжи

Эл аралык медициналык университетинин Медициналык колледжи 2023-2024-окуу жылында түзүлгөн, анын максаты – саламаттыкты сактоо тармагында орто деңгээлдин жогорку квалификациялуу адистерин даярдоо болуп саналат.

Колледждин түзүлүшү Университеттин билим берүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, программанын спектрин кеңейтүүгө жана студенттерге медициналык билимди ар кандай деңгээлдерде алууга мүмкүнчүлүк берет. Колледж заманбап билим берүү стандарттарына ылайык уюштурулуп, анын программалары практикалык багытталган окутууга, алдыңкы технологияларды интеграциялоого жана эл аралык билим берүү тенденцияларына багытталган.

Орто кесиптик билимге ээ медициналык кызматкерлерди даярдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  1. Дарылоо иштери (окуу мөөнөтү – 3 жыл 6 ай)
  2. Медайымдык иш (окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай)
  3. Медициналык оптика (окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай)
  4. Акушердик иши (окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай)
  5. Фармация (окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай)

Колледждин окутуучулук курамы тажрыйбалуу врачтардан, окутуучулардан жана илимий кызматкерлерден (медициналык илимдердин кандидаттары) турат, алардын көпчүлүгү эл аралык тажрыйбага ээ жана өз тармактарында эксперт болуп эсептелет. Колледжде санариптик технологиялар, симуляциялык окутуу жана заманбап окутуу методикалары активдүү киргизилүүдө.

Окуутуу процесси теориялык дисциплиналарды, лабораториялык иштерди жана алдынкы медициналык мекемелерде практикалык даярдыкты камтыйт.

Колледждин алгачкы жылдарында, анда берилген сапаттуу билим жана бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү жумушка орношуусу аркылуу өзүн ардактуу окуу жай катары көрсөтө алды. Медициналык мекемелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун аркасында студенттер алдыңкы медициналык билимге жана практикалык тажрыйбага ээ болуп, жумуш рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.

Келечекте “Авиценна” Эл аралык медициналык университетинин Медициналык колледжи билим берүү программаларын кеңейтүүнү, окутууга жаңы технологияларды киргизүүнү жана медициналык билим берүү мекемелери менен улуттук жана эл аралык деңгээлде кызматташууну бекемдөөнү пландоодо.

“Авиценна” Эл аралык медициналык университеттин Медициналык колледжинин негизги максаттары жана милдеттери

Максаттар:

  1. Квалификациялуу адистерди даярдоо: Заманбап медициналык мекемелерде натыйжалуу иштей алган, эл аралык стандарттарга жооп бере алган компетенттүүлөрдүн орто звеносунун адистерин даярдоону камсыздоо.
  2. Билим берүү иш-аракеттери: Квалификациялуу медициналык кадрларга болгон коомдук зарылдыкты канааттандырууга багытталган орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу.
  3. Билим берүү кызматтарынын сапатын жана талаптарын баалоонун механизмдерин калыптандыруу боюнча кызыкдар тараптардын (иш берүүчүлөр, студенттер, ата-энелер, саламаттыкты сактоо уюмдары жана башкалар) катышуусу менен.
  4. Кесиптик билимдин мазмунунун жана структурасынын эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкеш келтирүү.
  5. Колледждин жана Университеттин окуу процесстин уюштулушун жакшыртуу үчүн жергиликтүү нормтивдик укуктук базаны өнүктүрүү.
  6. Колледждин уюштуруучулук маданиятын өркүндөтүү, уюштуруунун коюлган максаттарын жетүү максатында.
  7. Сестриндик иштин билим берүү программаларын долбоорлоо боюнча кесиптик ассоциацияларга роль берүү.
  8. Колледждин ППСин квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүү.
  9. Студенттердин жогорку жүрүм-турум маданиятын жана кесиптик деңгээлди өнүктүрүү.
  10. Окутуу жана коомдо жүрүм-турум процессинде патриоттук сезимдерди калыптандыруу.
  11. Колледждин окутуучу курамын күчөтүү.
  12. Окуу материалды изилдөөгө компетенциялык мамилени камсыздоого багытталган окутуу методикасын колдонуу.

Милдеттер:

  1. Билим берүү иш-аракеттери: Орто кесиптик билим берүү программаларын реализациялоо, заманбап стандарттарга жана эмгек рыногуна ылайыктуу талаптарга ылайык.
  2. Методикалык камсыздоо: Заманбап билим берүү технологияларын жана окутуу методикаларын, анын ичинде симуляциялык технологияларды жана активдүү окутуу методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү.
  3. Практикалык даярдоо: Студенттерге маанилүү тажрыйба жана көндүмдөрдү алуу үчүн алдыңкы медициналык мекемелерде практика өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
  4. Илимий-изилдөө иштери: Студенттерди жана окутуучуларды илимий-изилдөө иштерге, конференцияларга жана семинарларга катышууга стимулдаштыруу, кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн.
  5. Эл аралык кызматташтык: Тажрыйба алмашуу, билим сапатын жогорулатуу жана студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында чет өлкөлүк билим берүү жана медициналык мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү.
  6. Үзгүлтүксүз билим берүү: Окуу процесстеринин, педагогикалык квалификациянын үзгүлтүксүз жогорулатылышын жана педагогикалык уюмдор менен студенттерге туруктуу кесиптик өнүгүү шарттарын түзүү, медициналык үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын колдоо.

Бул максаттар жана милдеттер Медициналык колледжинде жогорку сапаттагы билимди камсыздоого жана саламаттык сактоонун динамикалуу өнүгүп жаткан тармагында натыйжалуу иштей ала турган талаптагыдай адистерди даярдоого багытталган.

Студенттер алдынкы медициналык мекемелерде өндүрүштүк практиканы өтүшөт. Медициналык колледж шаардагы медициналык жана фармацевтикалык багыттагы ар кандай мекемелер менен келишимдик негизде кызматташат. Студенттердин практикалык окутуу планында окутуу практикасы жана профеccионалдык модулдар боюнча өндүрүштүк практика камтылган, алар дарылоо мекемелеринин базасында жүргүзүлөт. Бардык практикалар адистерди даярдоонун негизги максатын жетүүгө көмөктөшөт.

Ошондой эле, колледждеги тарбия иши боюнча эң башкы максаттарынын бири студенттердин ишмердүүлүгүн, жарандык өзүн-өзү аныктоону жана өзүн-өзү ишке ашырууну, интеллектуалдык, маданий жана нравалык өнүгүүнү максималдуу канааттандырууну камсыздоо үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.

КР ББЖ лицензиясы № С2023-0009 25.05.2023г.

1) 060101 – адистик: Дарылоо иши.

квалификациясы: Фельдшер

окуу мөөнөтү: 3ж. 6 ай.

2) 060102 – адистик: Акушердик иши

квалификациясы: Акушер

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

3) 060104 – адистик: Медико-профилактикалык иш

квалификациясы: Санитардык фельдшер

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

4) 060108 – адистик: Фармация

квалификациясы: Фармацевт

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

5) 060109- адистик: Медайымдык иш

квалификациясы: Медициналык эже (байке)

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

6) 060110 – адистик: Лабораториялык диагностика

квалификациясы: Медициналык лабораториялык техник

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

7) 060111 – адистик: Медициналык оптика

квалификациясы: Техник-оптик

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.;

8) 060113 – адистик: Физикалык терапия

квалификациясы: Физикалык терапевтин жардамчысы

окуу мөөнөтү: 1 ж. 10 ай.

9) 060106 – адистик: Ортопедикалык стоматология

квалификациясы: тиш техниги

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.

10) 060107 – адистик: Профилактикалык стоматология

квалификациясы: стоматологиялык гигиенист

окуу мөөнөтү: 2 ж. 10 ай.