Административдик-чарбачылык бөлүмү Эл аралык медициналык университетинин «Авиценна» (ЭМУ «Авиценна») ишмердүүлүгүн камсыздайт:
- имараттарды, жайларды, жабдууларды техникалык тейлөө (жылуулук системалары, суу менен камсыздоо, желдетүү, электр тармактары ж.б.);
- учурдагы жана капиталдык оңдоолорду пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо;
- эмерек, чарбачылык инвентарь менен камсыздоо;
- күзөтүү.
МУУ “Авиценнанын” түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чарбачылык тейлөө, материалдык жана каржылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, менчикти сактоо маселелери боюнча уюштуруучулук-усулдук жетекчилик кылуу жана контролдоо ишке ашырылат.
МУУ «Авиценнанын» ишмердүүлүгүн чарбачылык камсыздоо боюнча абалы жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды даярдайт жана жетекчиликке сунуштайт, административдик-чарбачылык кызматты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Иштин жаңы ыкмаларын, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу негизинде уюштурууну өркүндөтөт жана киргизет.
МУУ «Авиценна» ишмердүүлүгүн административдик-чарбачылык камсыздоо маселелери боюнча башкармалыктын чечимдерин даярдоого жана аткарууга катышат.
Өзүнүн компетенциясынын чегинде санитардык-эпидемияга каршы режимди, өрт коопсуздук эрежелерин, коопсуздук нормаларын сактоо, алардын бузулушу фактылары аныкталганда зарыл чараларды өз убагында кабыл алуу боюнча контрол жүргүзөт.
Учурдагы нормативдик укуктук актыларда каралган тиешелүү документтерди киргизүү, АХЧнын ишмердүүлүгү тууралуу статистикалык жана башка маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө берүү ишке ашырылат.
Университеттин ишмердүүлүгүн административдик-чарбачылык камсыздоону пландаштырат, уюштурат жана контролдойт.
Университеттин бөлүмдөрү орун алган имараттар жана жайлар өндүрүштүк санитария жана өрттөн коргоо эрежелерине жана нормаларына ылайык чарбачылык тейлөө жана тийиштүү абалда камсыз кылынат, жабдуулардын абалы (жарык берүү, жылытуу системалары, желдетүү ж.б.) контролдойт.
Имараттарды, жайларды, жабдууларды инвентаризациялоого, алардын сакчылыгын жана техникалык абалын контролдоо үчүн катышат.
Негизги фонддордун (имараттар, суу менен камсыздоо системалары, аба түтүктөрү жана башка курулуштар) учурдагы жана капиталдык оңдоосун пландаштырат, чарбачылык чыгымдардын сметасын түзөт.
Жайларды оңдойт, оңдоо иштеринин аткарылышынын сапатын контролдойт.
Университеттин бөлүмдөрүн эмерек, чарбачылык инвентарь менен камсыз кылат, алардын натыйжалуу колдонулушун, сакчылык жана өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүүнү контролдойт.
Сырткы уюмдар менен иштерди жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишим түзүү үчүн зарыл документтерди тариздейт.
Канцелярдык буюмдар, чарбачылык материалдар, жабдуулар, инвентарь алуу жана сактоо ишке ашырылат, алар менен ЭМУ «Авиценнанын» түзүмдөрү камсыз кылынат, алардын чыгашасы эсепке алынат жана белгиленген отчеттуулук түзүлөт.
Чарбачылык максаттар үчүн бөлүнгөн материалдар жана каржылык каражаттардын натыйжалуу сарпталышын контролдойт.
Территорияны жакшыртуу, жашылдандыруу, тазалоо иштерин жүргүзөт.
Өткөрүлүп жаткан жыйындар, конференциялар, семинарлар жана башка иш-чаралар үчүн чарбачылык тейлөө жүргүзөт.
Университеттин ишмердүүлүгүн транспорттук камсыздоо уюштурулат.
Учурдагы эрежелер жана нормаларга ылайык МУУ «Авиценна» техникалык жабдууларды эксплуатациялоо жана өз убагында оңдоо иштерин жүргүзөт (электр тармактары, жылуулук системалары, желдетүү ж.б.), имараттар жана жайлар үчүн электр энергиясы, жылуулук, газ, суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин жана алардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
Өткөрүү режимин уюштурат жана камсыз кылат.
Административдик-чарбачылык кызматтын кампаларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана контролдоо ишке ашырылат.
Жумушчулар жана студенттер арасында имараттардын, жайлардын жана мүлктүн сакчылыгын жана аны керектүү учурда оң абалда кармап, жабдууларга тыкан мамиле кылууну жана материалдык жана энергетикалык ресурстарды (электр энергиясы, жылуулук, суу, канцелярдык буюмдар, чыгаша материалдар ж.б.) үнөмдөөнү камсыздоого багытталган маалыматтык-түшүндүрмө иш жүргүзүлөт.
Өрттөн коргоо жана эпидемияга каршы иш-чаралар өткөрүлөт.
Өзүнүн компетенциясынын чегинде ЭМУ «Авиценнанын» максаттары жана милдеттерине шайкеш келген башка функцияларды аткарат.