Шабдан-Баатыр көч. 74. Кыргызстан, Бишкек
Тилди тандоо:
Menu
×
Назад к списку

2026-жылдын 27–29-январь күндөрү «Авиценна» эл аралык медициналык университетте  билим берүү тармагындагы белгиленген талаптарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык программалык жана институционалдык аккредитация өткөрүлдү. Аккредитациялык жол-жоболорду Билим берүү программаларын жана уюмдарды аккредитациялоо боюнча көз карандысыз Агентство (ААОПО) жүргүздү.

Аккредитациянын алкагында комиссия окуу жайдын ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берди. Анын ичинде ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларына, башкаруу тутумуна, кадрдык потенциалга, окуу-усулдук камсыздоого, ошондой эле билим алуучулар үчүн түзүлгөн окуу шарттарына талдоо жүргүзүлдү. Өзгөчө көңүл материалдык-техникалык базанын абалына жана өнүгүү деңгээлине, окуу кабинеттеринин, лабораториялардын жана билим берүү инфраструктурасынын башка объектилеринин жабдылышына бурулду.

Иштин жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү ченемдик жана окуу документациясы менен таанышып, сабактарга катышып, ошондой эле жетекчилик, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул окуу жайдын ишмердүүлүгүнө объективдүү жана ар тараптуу баа берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Аккредитациянын жыйынтыгында комиссия «Авиценна» эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкеш келерин белгилеп, билим берүү кызматтарынын сапатын мындан ары жогорулатууга, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө жана ички сапатты камсыз кылуу тутумун өнүктүрүүгө багытталган айрым стандарттар боюнча сунуштарды берди.

Алынган сунуштар кийинки ишмердүүлүгүндө эске алынып, билим берүү процессин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мындан аркы иш-чараларды пландаштырууга негиз болот.

Другие новости “Авиценна”
Куратордук иш
27.04.2026
«Авиценна» университет эл аралык медициналык олимпиада жана «Мед-Экспо – 2026» иш-чарасын өткөрдү.
23.04.2026
Авиценна медициналык университетинин жаңы окуу имаратынын ачылышы
17.04.2026
Академиялык мобилдүүлүк: кызматташтыкты өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
20.02.2026