Урматтуу абитуриенттер!
«Авиценна» медициналык колледжи 2026–2027-окуу жылына медициналык адистиктерге кабыл алуу үчүн белгиленген босого упайлар тууралуу маалымдайт.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин талаптарына ылайык:
- мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде окууга өтүү үчүн негизги сынактан кеминде 95 упай алуу талап кылынат;
- контракттык негизде окууга өтүү үчүн негизги сынактан кеминде 90 упай алуу талап кылынат.
Белгиленген босого упайга тең же андан жогору жыйынтык көрсөткөн абитуриенттер гана сынактык тандоого катышууга укуктуу экенин эскертебиз.
Сиздерге кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшырып, «Авиценна» медициналык колледжинин студенттеринин катарына кошулууңуздарды каалайбыз!
Другие новости “Авиценна”
27.04.2026
23.04.2026